Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Алыш" белбоо күрөшү боюнча улуттук курама команда Азия чемпионатында 18 медаль жеңди

Курага команда командалык эсепте 2-орунду ээледи

Бүгүн Өзбекстандын Джизак шаарында өтүп жаткан Азия чемионатынын алкагында “Алыш” белбоо күрөшүнүн эркин түрү боюнча беттештер жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, күрөштүн эркин түрүнөн улуттук курама команда жалпы 11 медаль (3 алтын, 4 күмүш, 4 коло) жеңди.

Кыз-келиндер арасында 65 кг салмакта Аземи Камчыбекова жана +75 кг салмак категориясында Нагира Сарбашова алтын медалга ээ болушту. Ал эми 60 кг салмакта Элза Абдыкадырова, 70 кг салмак категориясында Мырзайым Шайбекова күмүш медалга ээ болушту. Ал эми 55 кг салмакта Аяна Расулбекова коло медалга ээ болду.

Эркектер арасында 90 кг салмакта Азизхан Мусабек уулу алтын медаль тагынды. 70 кг салмакта Шерныяз Айбек уулу, 80 кг салмак категориясында Ирлан Казбек уулу күмүш медалга ээ болушту. 60 кг салмакта Баяман Абидинов, 100 кг салмак категориясында Шеринбек Аалы уулу жана +100 кг салмакта Бахтияр Мирлан уулу коло медалга ээ болушту.

Белгилей кетсек, 23-майда "Алыш" белбоо күрөшүнүн классикалык түрү боюнча беттештер өтүп, курама команда жети медаль (6 алтын, 1 коло) жеңген.

Кыз-келиндер арасында 55 кг салмакта Элзада Момунжанова жана +75 кг салмак категориясында Айжан Анарбекова алтын медалга ээ болушкан. Ал эми 60 кг салмакта Бегайым Акбалаева коло медаль жеңген. Эркектер арасында 60 кг салмакта Роман Сапаров, 70 кг салмакта Марлен Абдурасулов, 80 кг салмак категориясында Элдияр Сексенбаев жана 90 кг салмакта Нурсултан Бочонов 1-орунду багындырышкан.

Жалпы Азия чемпионатынын жыйынтыгында улуттук курама команда 18 медаль (9 алтын, 4 күмүш, 5 коло) жеңип, командалык эсепте 2-орунду ээледи.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх