Бишкекте жарыктандыруу иштери уланууда
Жалпы 600 метр изоляцияланган зым тарттылды
“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоо иштерин улантууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, калаанын Исанов көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен Щербаков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү.
Жарыктандыруучулар бригадасы 28 светодиоддук чырактарды орнотуп, 600 метр изоляцияланган зым (СИП) тартты.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз