Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча республикалык мелдеш өтөт
Мелдештин жалпы байге фонду 1 000 000 сомду түзөт
Кыргыз күрөшү боюнча республикалык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
3-июнда Дүйнө чемпиону Жанболот Осмоновдун жаркын элесине арналган кыргыз күрөшү боюнча республикалык мелдеш уюштурулат. Беттештер Бишкек шаарындагы “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.
Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Спортчулар 62, 75, 85, +85 кг салмак категорияларында күч сынашат.
Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылат. Мелдештин жалпы байге фонду 1 000 000 сомду түзөт.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Окшош макалалар
- Азия оюндары: Айпери Медет кызы финалга чыкты
- КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн Ысык-Көл оюндары: “АК ИЛБИРС” спорт мектебинин тарбиялануучулары 7 медаль жеңип алышты
- Спорт мектебинин окуучусу таэквондо боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду
- Күрөш боюнча рейтингдик мелдеш: Мээрим Жуманазарова коло медаль үчүн күрөшөт
- Айпери Медет кызы финалга чыкты (фото)