Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кумтөр жыл башынан тарта 146,7 млн долларга алтын сатты

Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет

"Кумтөр Голд Компани" ЖАК тарабынан 2023-жылдын биринчи чейрегинде 77 547 унция же 2 412 кг алтын сатылса, 2022-жылдын ушул эле маалында бул көрсөткүч 63 077 унция же 1 962 кг алтынды түзгөн.

Компаниянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2023-жылдын биринчи чейрегинде алтынды сатуудан түшкөн жалпы киреше 146,7 млн долларды түзсө, 2022-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 119,9 млн долларды түзгөн.

"Кумтөр Голд Компани", «Кыргызалтын» ААК жана КР өкмөтүнүн ортосунда 2009-жылы түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатуу боюнча кайра каралган келишимде (АКСКК) көрсөтүлгөндөй, Кумтөр кенинде өндүрүлгөн Доре куймалары "Кыргызалтын" ААК тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык заводдо андан ары кайра иштетүү үчүн сатылып алынат.

Аффинаждалган алтынды жана күмүштү Кыргызстанда жана анын чегинен тышкары сатуу боюнча өзгөчө укукка АКСККтын жоболоруна ылайык, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому гана ээ.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх