Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Europe Summer Fest Bishkek иш-чарасы өттү

Фестиваль "Ынтымак-2" сейил багында уюштурулду

Бишкектеги "Ынтымак-2" сейил багында Europe Summer Fest Bishkek иш-чарасы өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында Кыргызстандын эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өттү. Чоңдор жана балдар үчүн ар кандай сынактар, атайын викториналык оюндар, спорттук оюндар жана пайдалуу семинарлар, футбол, баскетбол, регби, сүрөт тартуу, мода көргөзмөсү уюштурулду.

Ошондой эле санариптик, жаштар, жашыл, спорт аянтчасы жана эс алуу зонасы уюштурулду.

Иш-чара Германия, Франция, Эстония, Бельгия, Хорватия, Венгрия, Нидерланды, Финляндия жана башка Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин элчиликтери менен тыгыз кызматташтыкта уюштурулду.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх