Жалал-Абадда унааны уурдай качкан жаран кармалды
Тергөө кызматында иштер жүрүп жатат
Жалал-Абадда унааны уурдай качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-майда Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсузугун камсыздоо кызматкерлерине 1955-жылы туулган А.К. атуу жаран арыз менен кайрылып, 27-май күнү 23:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө токтоп турган “Деу-Нексия” үлгүсүндөгө авто унаасын белгисиз жарандар айдап качып кетишкенин билдирген.
Бул факты боюнча Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи суй электе, кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган К.К. аттуу жаранды кармашып, тийиштүү чара көрүү үчүн Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.
Фото www
Окшош макалалар
- Бишкектин тургунунун унаасынан “марихуана” баңгизаты табылды
- Баткенде "Ислам мамлекети" террордук уюмунун желеги жана китеби табылды (фото)
- Чүйдө келин жаңы төрөгөн наристесин 100 миң сом жана айфонго сатып жиберген
- УКМК: Опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды (фото)
- УКМК: Жасалма шенген визасын даярдоо жана сатуу боюнча эл аралык канал аныкталды (фото)