Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандан Казакстанга тамекини мыйзамсыз алып өтүү аракети көрүлгөн (фото)

Тамекилердин акциздик маркалары болгон эмес

Кыргызстандан Казакстанга тамекини мыйзамсыз алып өтүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, “Ак-Жол-унаа жол” өткөрмө пунктунда К.А.К. аттуу кыргыз жараны Mercedes-Benz Sprinter 416 үлгүсүндөгү унаа менен 2078 блок тамекини акциздик маркасы жана эч кандай товардык документтери жок Казакстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

Унааны текшерүү учурунда атайын жабдылган чөнтөкчө табылган, тинтүүдө 35 коробка (ар биринде 50 блоктон) жана 328 блок, жалпы 2078 блок тамеки табылган. Тамекилердин акциздик маркалары болгон эмес.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жогоруда аталган тамекилерге акциз салыгын төлөөдөн качуудан мамлекеттик бюджеттин чыгымы 1 млн сомдон ашык сумманы түздү.

Учурда окуянын чоо-жайы такталып, ошондой эле төлөнүүчү салыктардын суммасын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх