Казакстанга Кыргызстандан баңгизат алып өтүүгө аракет кылышкан (фото)
Унаадан 62 кг баңгизат табылган
Казакстанга Кыргызстандан 62 кг баңгизат алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Казакстандын Чек ара кызматынын сайтында маалымдалат.
Ведомствонун маалыматына караганда, Жамбыл облусундагы "Аухатты" көзөмөл-өткөрүү пунктунан Кыргызстандан Казакстанга 62,2 кг катуу таасир этүүчү баңгизаттарды - 24 кг апийим, 38,2 кг гашиш алып өтүүгө аракет кылган чет элдик кармалган.
Белгиленгендей, учурда тиешелүү органдар тарабынан сотко чейин иликтөө иштери жүрүп жатат.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Окшош макалалар
- Бишкектин тургунунун унаасынан “марихуана” баңгизаты табылды
- Баткенде "Ислам мамлекети" террордук уюмунун желеги жана китеби табылды (фото)
- Чүйдө келин жаңы төрөгөн наристесин 100 миң сом жана айфонго сатып жиберген
- УКМК: Опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды (фото)
- УКМК: Жасалма шенген визасын даярдоо жана сатуу боюнча эл аралык канал аныкталды (фото)