Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бажы кызматкерлери декларацияланбаган товарды аныкташты (фото)

Анын наркы 1,5 млн сомду түздү

Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери декларацияланбаган баасы 1,5 млн сомдон ашык товарды аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажычылар тарабынан ЕАЭБдин жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуу менен документтерсиз товарларды мыйзамсыз алып өтүү фактысы аныкталган.

Ошентип, Бириккен Араб Эмираттарынан "Э.С." алуучунун дарегине жүк келип түшкөн, анда контейнери бар автотранспорт каражатынын жүк бөлүгүн бажылык текшерүү учурунда декларацияланбаган 1 бирдик "Toyota Crown" маркасындагы транспорт каражаты, ошондой эле самын жуучу каражаттар жана антиперспиранттар табылган.

Аталган факты тиешелүү органга катталып, материал Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Мамлекетке келтирилген зыян 1 млн 632 миң 404 сомдук түзгөн.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх