Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Биринчи айым Айгүл Жапарова балдарга арналган интерактивдүү фестивалга катышты (фото)

"Алтын Казык" фестивалы Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө арналган

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова бүгүн Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата ата-энелер жана балдарга арналган "Алтын Казык" интерактивдүү фестивалына катышты.

Биринчи айым өзүнүн куттуктоо сөзүндө бардык балдарды келе жаткан майрамы менен куттуктады.

"Бул иш-чаранын мааниси чоң. Анткени, бала мээримдүү жана камкор үй-бүлөдө чоңойсо, ал өмүр бою бактылуу болот. Үй-бүлөдөн башка эч ким балага келечекте таяна турган туура жашоо баалуулуктарын үйрөтө албайт. Балдар өздөрүн коопсуз сезгенде, сүйүүнү жана камкордукту сезгенде толук өнүгөт. Мээримдүү үй-бүлө - баланын туура жана дени сак өнүгүүсүнүн ачкычы", - деди ал.

Айгүл Жапарова ата-энелерди балдарга туура адаттарды, туура тамактанууну үйрөтүүгө жана гаджеттерге көп көңүл бурбоого чакырды.

Ошондой эле биринчи айым ата-энелер менен балдардын ортосундагы баарлашуунун маанилүүлүгүн, алар менен ар кандай кызыктуу жана өнүктүрүүчү оюндарды ойноонун зарылдыгын белгиледи.

"Алтын Казык" фестивалын "Роза Отунбаеванын демилгелери" фонду "Супара" этно-комплексинин жетекчилиги менен биргеликте уюштурган.



Фестивалдын максаты - улуттук баалуулуктарды эске алуу менен акыркы илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын пайдалануу аркылуу кичине курактагы балдардын өнүгүүсү тууралуу ата-энелердин маалымдуулугун жогорулатуу.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх