Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Дары-дармек департаментинин жетекчисин пара менен кармады

УКМК кылмыш ишинин чоо-жайын айтып берди

Кыргызстандын Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментинин А.А.И. аттуу директору кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ведомствону 2022-жылдын ноябрь айынан бери Абалиева Айнура Имамазановна жетектеп келет.

УКМК ал туруктуу коррупциялык схема түзүшү мүмкүн деп болжоп жатат. Маалыматка караганда, алар дары-дармекти каттоо жана сертификат берүү процедурасын тездетип беришкен.
"Препараттарга лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес же формалдуу негизде гана жасалып келген. Мындай мыйзамсыз аракеттер өлкө элинин ден соолугуна олуттуу зыян алып келиши мүмкүн. А. А. И. өзүнүн кызматтык кабинетинен пара алып жатканда кармалды", — деп айтылат маалыматта.


Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Абалиевага чейин департаментти жетектеп келген Нурдин Кагаздиев кол алдындагы кызматкерлер Кыргызстанга сапатсыз препараттарды импорттогону үчүн кармалгандан кийин иштен кеткен.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх