Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында таза суу берүү убактылуу токтотулду

Суу берүү кайра качан берилээри азырынча белгисиз

Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, суу берүү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогорулагандыгына байланыштуу токтотулган.


Учурда «Ош шаардык суу канал» муниципалдык ишканасы эртең мененки саат 07:00дө сел түшкөн Озгур айылынын Кызыл-Кыштак тилкесинде тийиштүү иштерди жүргүзүүдө.


Суу берүү кайра качан жанданары азырынча белгисиз.


фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх