Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык жаран аба майданында өзүн өлтүрүүгө аракет жасады. Башкы консулдук окуяны тактоодо

Кыргызстандык жаран «Ататүрк» аба майданында өзүн өлтүрүүгө аракет жасады. Бул тууралуу Туркиянын En son haber басылмасы жазды. 

Тышкы иштер министрлигинин Vesti.kg агенттигине билдиришинче, Кыргызстандын Башкы консулдугу маалыматты териштирип жатат.  

Турк басылмасынын белгилешинче, эркек киши экинчи кабаттан, айланасындагылардын айткандарына көнбөстөн боюн таштаган. 

Ал «Сади Конук Егитим» ооруканасына жеткирилди. Полиция окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх