Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кудай, тарых, мыйзам алдында өзүнүн күнөөсү үчүн жооп берет

Садыр Жапаров Бакиев тууралуу үн катты

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек берип жатып, Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев тууралуу суроого жооп берди.

Садыр Жапаровго Бакиев мыйзам чегинде соттолгону жана аны кармагандын ордуна эмнеге жолугушуу өткөргөндүгү тууралуу суроо узатылган.

“Ооба, ал киши боюнча “соттолду” деген соттун чечими бар. 13 жылдан бери Беларуска биздин Башкы прокуратура “бизге өткөрүп бергиле” деп төрт жолу суроо-талап жөнөткөн экен. Төрт жолу тең баш тартышкан.

Менин жолугушуум боюнча айтсам. Биздин Баш мыйзамыбыз эң жогорку мыйзам. Мыйзамдардын атасы. Баш мыйзамдын 66-беренесинин 2-пунктунда “Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин камсыз кылат” деп милдеттендирип турат. Мен милдетимди аткарып жатам. Ал эми жоопко тартылуусу боюнча болсо, ар бир адам Кудай алдында, тарых алдында, мыйзам алдында өзүнүн күнөөсү үчүн жооп берет”, - деп баса белгиледи Жапаров.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки бардык президенттер менен бейтарап аймакта жоолукканын билдирген. Ага Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков катышкан. Президенттин Бакиев менен жолугушуусу коомдо кызуу талкууланып, сынга кабылган эле.

 

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх