Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

C.Жапаров: Атамбаев менен Жээнбеков Дубайга барганга чейин эле элдешкен

Экөө бир столго отуруп, бири-бирин кечирип тараганы маалым болду

Мурдагы президенттерди Дубайга чогултардан мурда Бишкекте Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевди бир столго олтургузуп, экөөнү элдештиргенбиз деп мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде билдирди.

"Экөө элдешип, бири-бирин кечиришип тараган. Андан кийин бардык мурдагы президенттерди чогулттук. Албетте, ар бири менен өз-өзүнчө сүйлөшүп, Дубайда жолугушабыз дегенбиз. Бири-бирине айткан жокпуз. Бул — чындык. Айтсак айрымдары келбей коет эле. Бирок бизде сыр маалыматты жашыра албайсың да. Кыргызстанда баары ачык. Арасында бардык президенттер чогулуп жатканын билип алгандар да бар экен. Ошентсе да баары келип беришти", — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, 18-февралда Садыр Жапаров мурдагы президенттерди бир дасторконго чогултканы маалым болгон. Жолугушуу БАЭнин Дубай шаарында өткөн. Бул окуя коомчулукта ача пикирлерди жаратып, түрдүү сындар да айтылган.

Кийинчерээк Алмазбек Атамбаев да пикирин билдирип, аны Жапаров менен Ташиев мурдагы таарынычтарды унутуп, сүйлөшүү үчүн жолугушууга чакырганынан барганын айткан. Экс-президенттердин чогуларынан кабардар болбогонун, мындан улам аягына чейин отурбай чыгып кеткенин белгиледи. Ал эми Аскар Акаев баарын чогултуу демилгесин кубануу менен кабыл алганын билдирген.

 

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх