Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Мадумаров менен кантип элдешкенин айтып берди

Мамлекет башчы оппозиционердин элдешүү боюнча сөзүн бузганын билдирди

Президент Садыр Жапаров “Кабар” мамлекеттик агенттигине берген маегинде “Саясатчылар демекчи, Мадумаровду деле ынтымак столго чакырып койбойсузбу?” деген суроого жооп берди.

“Аны деле чакырганбыз. Чакырганда дагы үйгө чакырганбыз. Былтыр жай мезгилинде болчу. Бир дасторкондо олтуруп: “Келиңиз ынтымакташалы. Бир эле Кыргызстаныбыз бар. Жаакташпай бирге иштешели. Биригип Кыргызстанды көтөрөлү”, – дегенбиз. Укмуш тил табышып, кучакташып достошуп жылуу тараганбыз. Бир апта өтүп-өтпөй эле сөзүнө турбай кайра тескери кетсе болобу. “Мейли, өзү билсин” дедик. Башка эмне дейбиз, ага жалдырамак белек”, – деп жооп берди Садыр Жапаров.

 

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх