Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ташиев: Садыр Нургожоевичтин бул кадамына тарых өз баасын берет

Камчыбек Ташиев Дубайдагы жолугушуу боюнча пикирин билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек ТашиевСадыр Жапаров менен мурдагы президенттердин жолугушуусу боюнча үн катты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирет.

Садыр Жапаров Дубай шаарында мурдагы президенттер А.Акаев, К.Бакиев, Р.Отунбаева, А.Атамбаев жана С.Жээнбеков менен жолуккан.

«Мен мамлекет башчысынын бул демилгесин толугу менен, бардык жагынан колдойм. Садыр Нургожоевичтин бул кадамына тарых өз баасын берет.

Ооба, бүгүнкү күндө кимдер гана бул маселеге кайрылып, көз карашын айткан жок. Бул ар бир жараныбыздын жеке пикири жана укугу. Бирок, мен бир гана нерсени баса белгилегим келет - мунун баары кандайдыр бир пиар үчүн же заматта эффект жаратыш үчүн жасалып жаткан жок. Мен муну башынан билген адам катары айтып жатам, бул даанышмандык, айкөл кадам убакыттын өтүшү менен туура бааланарына ишенем», - деди Ташиев.

Ошондой эле, ал Алмазбек Атамбаевдин эркиндикке чыгышы тууралуу комментарий берди.

«Мен сот органдарынын бул чечимин кубаттайм. Ага ден соолук калайм, үй-бүлөсү, жакындарынын жанында болсун эми», - деди УКМКнын төрагасы.

 

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх