Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эл өкүлү быйыл ар бир адам үчтөн көчөт отургузушун демилгеледи

Нуржигит Кадырбеков : Отчёт, «Жашыл мурас» же президентке көрүнүш үчүн эмес, чын ыкластан бак эгип коёлучу

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков быйыл ар бир кыргызстандыкты кеминде үчтөн көчөт отургузууга чакырды.


Эл өкүлү көчөттүн бири өтүп кеткен ата-бабалар, экинчиси келечек муун, үчүнчүсү өзү үчүн болсун деген ой менен тигүү керектигин белгиледи.
Ошондой эле ал Түркия быйыл 7 миллиард бак тигүүнү пландап жатканын, анын берекеси менен 154 миллион тонна эрозия болгон топуракты сактап каларын мисал келтирди.


«Ар кайсы курактагылар уюшуп аш жеп, аламан улак, волейбол өткөрүп жатабыз. Бир жолкусун үнөмдөп көчөт эгеличи. Отчёт, «Жашыл мурас» же президентке көрүнүш үчүн эмес, чын ыкластан бак эгип коёлучу. Карыган атаң, жаңы төрөлгөн балаң жана өзүң үчүн эк. Ошондо бир жылга 21 миллион болот экен. Калкы аз Монголия дагы жылына бир миллиард көчөт отургузабыз деп жатат. Бактуу өлкө — бактылуу өлкө», — деди депутат.


Аны менен катар Кадырбеков кыйганды билгендер эккенди дагы билиши керектигин белгиледи.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх