Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Москвага жөнөп кетти

Делегациянын курамында кимдер бар?

Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда Москва шаарында өтүүчү II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясына учуп кетти. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашат.

Мамлекет башчы Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге "Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция" Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат.

Ошондой эле эртең, 25-майда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашат, Биримдикти мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

  • Адылбек Касымалиев - министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
  • Муратбек Азымбакиев - президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • Гүлнара-Клара Самат - Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчиси;
  • Данияр Амангелдиев - экономика жана коммерция министри;
  • Аяз Баетов - юстиция министри;
  • Асеин Исаев - тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
  • Самат Кулмамбетов - президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн Евразия экономикалык биримдигинин иштери боюнча секторунун башчысы;
  • Назарбек Малаев - экономика жана коммерция министринин орун басары

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх