Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Москвадан кайтып келди

Иш сапардын жыйынтыгы

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына 24-25-май күндөрү болгон иш сапары аяктады. Президенттин администрациясынан маалымдашкандай, 26-майга караган түнү Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.

Иш сапарынын алкагында 24-майда президент Москва шаарында "Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция" II Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары жана делегациялары интеграциялык процесстер, санариптик трансформацияны тездетүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, евразиялык институттарды өнүктүрүү, бизнес-демилгелерди колдоо боюнча кошумча чаралар жана башкалар боюнча суроолорго жооп беришти.
Эртеси, 25-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЭК) тар жана кеңейтилген курамдагы кезектеги жыйыны өттү. Бирликтин алкагында соода-экономикалык кызматташуу маселелери, ошондой эле эл аралык кызматташтык жана Евразия мейкиндигинде мындан аркы интеграция маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында ЕАЭБ алкагында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана интеграцияны андан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар чечимдер жана документтер кабыл алынды жана кол коюлду.

 

Фото www 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх