Равшан Жээнбековдун жубайы кармалды
Айрым маалыматтар ачыкталды
25-майда Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева УКМКга суракка чакыртылып, андан соң камакка алынды.
Уулу Азат Жээнбековдун айтымында, апасы менен адвокаттын жолугушуусуна уруксат берилген эмес. Эртең жолугууга уруксат берилиптир. Азат Жээнбеков апасынын кармалышын Next TV ишине байланыштуу болушу мүмкүн дейт.
Эске салсак, УКМК телеканалга карата "Улуттар аралык кастыкты козутуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Коопсуздук комитеттин маалыматына ылайык, Next TV социалдык тармактарында Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысына шилтеме берүү менен Кыргызстандын Россияга "атайын операция" учурунда аскердик жардам көрсөтүү боюнча болжолдуу келишими тууралуу ишенимсиз маалымат жарыяланган.
Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад окуясы боюнча учурда СИЗОдо. Саясатчы Ленин районундагы парламенттик шайлоого да катышууда.
Фото www
Окшош макалалар
- УКМК: К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча
- УКМК: Опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды (фото)
- Саясатчы Равшан Жээнбеков УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кат жолдоду (фото)
- УКМК: Жасалма шенген визасын даярдоо жана сатуу боюнча эл аралык канал аныкталды (фото)
- 2010-жылдагы июнь окуясында милициянын подполковнигин мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелгендер кармалды