"Эркекче сүйлөшүп алалы"
Депутат Айбек Осмонов комитеттин жыйынынын башталышы тууралуу
Бүгүн, 29-май Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Адахан Мадумаров Кытай менен болгон макулдашуу сурамжылоо түрүндө чечилип калганы тууралуу маселени көтөргөн.
Комитеттин ишинин башталышындагы болгон кайым айтыштан улам, комитеттин төрагасынын орун басары Айбек Осмонов ишти баштоону же болбосо жабык жыйын кылып, "эркекче" сүйлөшүп алууга кесиптештерин чакырды.
"Урматтуу депутаттар, жумушту баштайлы. Болбосо, жабык жыйын кылалы дагы "эркекче" сүйлөшүп алалы", - деди Осмонов.
Ага эл өкүлү Адахан Мадумаров жабык эмес эле ачык жыйын болушу керек, жашыра турган эмне бар деп жооп берди.
Фото www
Окшош макалалар
- Депутат: Кыргызстанда капкара кийингендер көбөйду, паранжа кийгендерге тыюу салыш керек
- Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Чолпон-Атада жолукту (фото)
- Бишкектеги Кыргыз-Азербайжан достук сейил багында этнографиялык фестиваль өттү (фото)
- Быйыл Кыргызстанга 10 миллионго жакын туристтердин келиши күтүлүүдө
- Элдик курултайдын делегаттары ЖК депутаттарына каршы чыгууга даяр