Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабындагы тинтүү иштери

Жактоочусу: Эч нерсе табылган жок

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутатты шайлоодо эң көп добуш алган Дамира Ниязалиеванын штабында тинтүү жүргүзүлдү. Анын жактоочусу Эрик Ирискулбеков штабдан эч нерсе табылбаганын билдирди.

Айтымында, кызматкерлердин документтери – шайлоочулардын тизмелери жана башка кагаздар алынган. Кеңседен мыйзамсыз эч нерсе табылган эмес.

Дамира Ниязалиева социалдык тармактарда тарап жаткан телефон сүйлөшүүгө катыштыгы жок экенин айтып, мандаттан баш тартуу үчүн ушундай аракеттер болуп жатат деп эсептейт. Эске салсак, соцтармакка тараган видеодо бир аял (үнү Ниязалиеванын үнүнө окшош) Роман аттуу адам менен шайлоочуларды сатып алуу боюнча телефон аркылуу сүйлөшкөн.

"Биринчиден, мыйзам деген бар, кылмыш ишин козгой алышпайт. Экинчиден, ал видео монтаждалган. Ошондуктан шайлоочуларым, сиздердин колдооңуздарга муктаж болуп турам. Балким, мени СИЗОго киргизип коюшаттыр, мен ага да даярмын. Бул маселеге президент кийлигишпесе болбойт. Биз аялдар президенттин колдоосуна муктажбыз", - деди Ниязалиева.

Эске салсак, 28-майда Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына кезексиз шайлоо өтүп, анда алдын ала маалыматтар боюнча көпчүлүк добушту (35,83%) Дамира Ниязалиева алган. Ал буга чейин Нарын облусунун №32 Кочкор шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн.


Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх