Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шадиевдин камакка алынган эсептери пенсияны көтөрүүгө жетет

Пособияга акчаны жол эрежесин бузгандарга айып пулду жогорулатып тапса болот дешет. Эксперттер киреше булактар андан да көп экендигине ишенишет

Кыргызстанда калктын аяр катмарына пособия төлөөнүн булактары өтө эле көп. Мындай оюн аналитик Гани Абдирасулов Vesti.kg сайтына билдирди.

- Депутат майып балдарды караган адамдарга пособие төлөө үчүн, жол эрежесинин айып пулун жогорулатыш керек деген - бул болбогон сөз дейт. - Болбосо бул депутаттын финансылык түшүнүгү жок. Киреше булактары жетиштүү - гранттан баштап, бюджетке чейин. Чындап келсе бардык түрүнөн алып караса болот. Эгерде бир эле миллион эл аралык грантты бөлсө, калктын аялуу катмарына жетет.

Мен трибунадан туруп алып киреше жетишпейт деп кыйкыргандан уялмакмын.

Ошону менен бирге Гани Калиев депутаттарды ачык дебатка чакырды.

- Каражат жетишпейт деген шылтоолорду фактылар менен талкалап салса болот , - деди ал.

- Айып пулдан түшкөн киреше - бул деңиздеги бир тамчыдай эле. Андан көрө парламентти каржылоону карап көрсөк кантет ? Буга 800 миллион сом кетет экен. Эгерде муну 5 % эле кыскартсак 40 миллион табылат экен. Муктаж болгондорго бул чоң акча. Андан сырткары конфискация болгон чиновниктердин мүлктөрүн. Бир эле Шадиевдин камакка алынган эсеби пенсияны көтөрүүгө жетет. Эмнеге ал акчаларды ушундай жакка жумшаса болбойт ? Эл ыраазы болмок мындай кадамга. Эгерде чындап жардам бериш көңүлдөрүндө болсо булактар табылмак.

Өз кезегинде экономика илимдеринин кандидаты профессор Төлөнбек Абдыров, майып балдардын ата энелерине  төлөнө турган акчаны табуу кыйын эмес деп эсептейт.

- Булактар көп, аларды издөө керек, - дейт ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Мисалы , салыкты туура бөлүштүрүүдөн баштоо керек. Биздин өлкөгө көп сандагы товарлар контрабанда түрүндө алынып келинет. Бул ГСМ, ун, продукталар жана башка нерселер. Коп ишкерлер салык төлөбөйт. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер туура эмес салык декларациясын беришет. Бул олчойгон сумма. Эл аралык компаниялар дайыма эле таза иштей беришпейт. Кайда караба бардык жерде бюджетти толтура турган булактар.

Бүгүнкү бюджет жана финансы боюнча комитеттин парламенттик отурумунда депутаттар "майып балдарды караган адамдардын эмгегин төлөө"  долбооруна ЖК токтомун карагандыгын белгилей кетели. Кыргызстанда 6 миң ата эне ушундай жардамга муктаж.

Бирок депутат Кубанычбек Нурматов мамлекетте пособиеге акча жок экендигин айтты.

«Келгиле жол айып пулун көтөрөлү, бул бирден бир булак», - деп билдирди Нурматов жергиликтүү ММКга.

Вероника Малышева
Фото www  

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх