Митингге чыккандар мэрдин отставкасын талап кылышты
Нааразы болгондордун калган талаптары жана милиция тарабынан болгон тоскоолдуктарды Финполициянын мурунку жетекчиси айтып берди
Бүгүн Бишкекте Бишкек мэри Албек Ибраимовдун отставкасын талап кылган митинг болуп өттү. Бул тууралуу "Жашылдар партиясынын" лидери, финполдун мурдагы башчысы Эркин Бөлөкбаев Vesti.kg сайтына билдирди.
Анын айтымында бул митинге "Биз тумчугуп баратабыз" коомдук кыймылы катышкан.
- Биз Жаш Гвардия бульварынан Бишкек мериясына чейин жүрүш кылдык,- дейт Эркин Касымович. Ал жерден сөз сүйлөп резолюция кабыл алдык. Анан Жогорку Кеңешке бардык. Биз бир нече талаптарды койдук : мэр Албек Ибраимовдун жана вице-мэр Бакыт Дүйшөмбиевдин отставкасын, шаардык кеңештин таркатылышын, мусордун таза чыгарылуусун, шаарды өнүктүрүүгө алынган 22 миллион евронун сарпталышы боюнча отчётту, 9 миң сомдук көчөттөр тууралуу жана кымбат сатып албоону, дарактарды кыйбоону жана абанын тазалыгын сактоону, Шабдан Баатыр көчөсүнүн атын 7-апрельге которбоону.
Андан сырткары Бөлөкбаев чиновниктердин жоопкерчилиги тууралуу айтты.
- Биз ошондой эле чиновниктердин финансылык жоопкерчиликти тартышын, өздөрүнүн туура эмес иштери үчүн мамлекеттик чыгымдарды төлөөсүн талап кылабыз,- деп кошумчалады ал. Кредитти эл төлөшү керек эмес, уурдаган чиновник төлөшү керек.
Ошондой эле "Жашылдар партиясынын" лидери келерки жылды экология жылы деп атоону сунуштады.
Аягында Бөлөкбаев милициянын дарегине бир нече эскертүүлөрдү берди.
- Бүгүн алар бизге ар кандай тоскоолдуктарды жаратышты, -деди ал. Деги эле ушул милицияда иштегендер караңгы жана сабатсыз адамдар. айрыкча 1-май жана Ленин РУВД. Ленин РУВД биздин мурдагы митингде да сотко доо арыз жазган, бизди митингге чыгышпасын деп. Шаардык сот муну колдоп берген, бирок биз Жогорку сотто утуп алганбыз. Мына бүгүн да : үн катуулаткычка мүмкүн эмес, же МАИ жолубузду торойт, же дагы бир нерсе кылышат. Менин аларга айтаарым: «Мыйзамды окугула - эмнеге мүмкүн, а эмнеге мүмкүн эместигин». Ал жерде баары жазылган.
Бакыт Стамов
фото www
Окшош макалалар
- Бишкек шаардык сотунда Албек Ибраимовдун ишин карашат
- Мэр айылдыктарды УКМК каршы "тирүү калкан" катары колдоном деп коркуткан
- Бишкек мэри Албек Ибраимов камалды
- Өкмөт Бишкек шаардык кеңешинин Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин алды. Бирок премьер жок
- Өкмөт Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин чечимин ала элек