Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Марат Аманкулов кокусунан Атамбаевдин кол тийбестигин алууга макул деп добуш берип алды

Депутат ар бир сунуш регламент боюнча добуш берээрдин алдында окулушу керек эле, ошондо процесс түшүнүктүү жана так болмоктугун айтты

Марат Аманкулов экс-президенттин кол тийбестигин алуу тууралуу Масалиевдин сунушуна каршы.

КСДП фракциясынын парламенттик депутаты Марат Аманкулов Жогорку Кеңештин ЖЭБ жана кытай кредити тууралуу депутаттык комиссиясынын кортундусуна берген депутаттардын добуштары тууралуу комментарий берди.

 - Биз үч күн бою ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгын талкууладык. Кечээ бул маселе боюнча добуш берүү болду. Негизинен биз корутунду боюнча бирдей эле добуш бердик, бирок мен кол тийбестик тууралуу жаңылып добуш берип алдым.      Мен бул мыйзам долбооруна түшүнгөн жокмун, саясий чечим туура болгон - ЖЭБди модернизациялоого кытай гранты керек болгон. Муну депутаттар үч кундөн бери талкуулап жатып моюндарын алышты.

Ошондой эле эл өкүлү жылуулук борборун реконструкциялоо долбоорунун аткарылышы тууралуу суроолор бар экендигин белгиледи.

- Эгерде коррупция бар болсо, айыптууларды эл көзүнчө жазалоо керек, бирок ага президенттин кол тийбестигинин кандай тийешеси бар ?  Мен жана депутат Жылдыз Мусабекова болуп ага каршыбыз. Регламентке ылайык депутаттардын ар бир сунушу добушка коюлардын алдында окулушу керек эле. Ошондо процесс ачык жана так болмок.

КСДП парламенттик фракциясынын секретарияты

Фото www
   

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх