Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмамбет Шыкмаматовдун ишин ал жаңы бийликке пайдалуу киши болгондугу үчүн кайра карашабы?

Саясат талдоочулардын баамында, бул депутаттын парламенттен кетиши саясий жетекчиликке пайда алып келбейт

Депутат Алмамбет Шыкмаматов өзүнүн Сапар Исаковго, өкмөткө жана Алмазбек Атамбаевге болгон кол салуулары менен жаңы бийликке өзүнүн керек экендигин көрсөттү. Мындай баалуу кадрды кантип парламенттен алып салууга болсун?  Бишкек шаардык сотунун биринчи инстанциянын депутатка карата чыгарган өкүмүн жокко чыгарган чечими чыккандан кийин, соц. тармактын колдонуучулары жогорудагыдай ойлорду жаза башташты.

Эксперттер жарандардын ой жүгүртүүсүнөн чындыктын үрөнүн көргөндүгүн айтышат.

- Азыр жаңы бийликке депутаттык корпустан колдоочулар керек, - дейт саясатчы Максат Мамытканов Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Процессти жандандыруучу күч талап кылынат. Ошондуктан бийлик Шыкмаматовду өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланууну көздөштү. Экинчи жагынан алып караганда, соттун өзүнүн жеке чечимин карап көрсөк  болот. Сот тергөөнүн кайсы далилдерин четке какты. Эгерде прокуратура айыптоону туура деп таап, иш сотко өткөн болсо,  анда депутатка кылмыш ишин козгоого негиз  жетиштүү болот деп эсептейт. Ал эми УКМК кайра иликтөө учурунда Шыкмаматовго байланыштуу ишти токтотсо, анда муну саясий буйрутма десе болот.

Кесиптешинин мындай ою менен саясат талдоочу Турат Акимов макул болду.

- Менин оюмча Шыкмаматовдун «Ата-Мекенде» азыр аздыр, көптүр баркы бар, - дейт Турат Кудайбергенович. - Ошондой эле фракция лидерлери бийлик менен сүйлөшүү үчүн дайыма керек болот.  Текебаев болсо азыр жок, эми Шыкмаматовду кетиришсе, анан бийлик ким менен сүйлөшөт?   Анын үстүнө Шыкмаматов президентке эч качан каяша берген эмес.

Ал арада, саясатчы Марат Казакпаев «Ата-Мекен» парламенттик фракциясынын катарында курч маселе көтөргөн андан да активдүүрөөк депутаттар бар деп эсептейт.

- Ошол эле «Ата-Мекенде» Наталья Никитенко бар, башка да активдүү өкүлдөр бар, - деп белгилеп өттү Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Ошондуктан мен жогоруда айтылган ойлорго кошула албайм. Бул менин жеке гана оюм, бирок биринчи инстанциянын чечими туура болгон. Ал жерде даана алдамчылык болгон. Ошондуктан аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек.

Кечээ Бишкек шаардык соту Алмамбет Шыкмаматовго байланыштуу иште биринчи инстанция чыгарган чечимди жокко чыгарды. Vesti.kg сайтына депутаттын өзүнүн билдиришинче, иш тергөөнүн чала калган жерлерин толтуруу үчүн кайра кароого жөнөтүлгөн.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх