Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат: Жолдо элдер өлүп атышат. Чиновниктер болсо, болгону отставкага кетишет

Парламентте «Коопсуз шаарды» иш жүзүнө ашыруу кечеңдеп жаткандыгына нааразы болушту

Он жыл ичинде Кыргызстандагы жол кырсыгынан өлгөндөрдүн саны, Афганистанда 11 жыл ичинде өлгөн солдаттардын саны менен барабар. Бул туурасында депутат Наталья Никитенко парламенттин бүгүнкү отурумунда айтты.

- Өкмөт алты жыл ичинде ушул көйгөйдү чечпей койду - бул саботаж сыяктуу , - деп белгиледи ал. - Качанкыга чейин ушинтип сазда тура беребиз ? Мурда бир компаниянын кызыкчылыгы үчүн ошол гана компанияны техникалык жактан камсыздашчу. Жыйынтыгында чиновниктерди иштен кетирип коюшат, ал эми элдер дагы эле өлүп атышат. Бул эки учурдун баасы бирдей болуп калганбы ?

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов депутатка 18-июнга чейин техникалык камсыздоону иштеп чыгабыз деп жооп берди.

- Биздин адистер техникалык камсыздоону өз күчтөрү менен иштеп чыгат,- деп түшүндүрдү ал.  - Алар айлыктан башка эч кандай кошумча акча алышпайт. 2012-жылы канча өкмөт отставкага кеткендиги эсиңиздердеби. Алардын кээ бири ушул долбоордун айынан кеткен болчу. Азыр ар кандай мекемелердин адистеринен турган жумушчу топ түзүлдү. Алар бул долбоорду ишке ашыруу үчүн нормативдик актыларды даярдашат.

Бүгүн ЖК «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча парламенттик саат өтүп жаткандыгын  эсиңиздерге салабыз.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх