Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык сотунда Албек Ибраимовдун ишин карашат

Жактоочусу аны камактан бошотууну өтүнөт

Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовдун иши бүгүн Бишкек шаардык соту карайт. Бул туурасында  Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, сот Албек Ибраимовдун бөгөт коюу чарасын өзгөртүү өтүнүчүн карайт.

- Биринчи май райондук сотунун чечими Жазык-процессуалдык кодексти бузуу менен кабыл алынган, - деп белгилейт юрист. - Ошондуктан биз аны камактан бошотуу өтүнүчүн келтиребиз.

Эске салабыз, мурдараак Биринчи май райондук соту Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовду 29-августка чейин камакка алуу менен бөгөт коюу чарасын көргөн.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх