Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин аппаратын ким башкарат?

Ыктымалдуу талапкерлер катары Болот Отунбаев жана Иманкадыр Рысалиевди айтып жатышат

Фарид Ниязовдун отставкасынан кийин президенттин Аппаратынын жетекчилик оруну ушул күнгө чейин ээнсиреп турат.

Мамлекеттик башкаруу боюнча талдоочу жана экс-депутат Алишер Мамасалиевдин сөзүнө ынансак, бүгүнкү күндө президенттин аппаратын башкарганга үч ыктымалдуу талапкер бар.

- Биздин аналитикалык топтун маалыматына ылайык, ал кызматка барып калуу мүмкүнчүлүгү КР Орусиядагы элчиси Болот Отунбаевде көбүрөөк, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Анын соңунан Бишкектин вице-мэри Айгүл Рыскулова, анан мурунку эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү министри Иманкадыр Рысалив.

Саясат таануучу Марс Сарив бул кызматка татыктуу талапкерлердин бири Болот Отунбаев экендигин Vesti.kg сайтына берген маегинде айтты.

- Мурунку эмгек министри Иманкадыр Рысалиев, мурда экс-спикер Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болгон, баарынан аларга жакын адам ошо, - деп белгиледи эксперт. - Ал колдон өткөн кадр. Бирок өзүңүздөр билгендей, азыр саясий кырдаал бир кылка эмес. Ошондуктан мен аны биринчи орунга коюудан алысмын. Эгерде кырдаал башкача болгондо, ал биринчи орунга чыкмак. Бирок акыркы окуялар, мэрди шайлоо, Коңгантиев, Матраимов, Шадиевдин окуялары кырдаалга башкача боёк берип койду. Иманкадыр Рысалиевдин дайындалышы боюнча да жакшы эмес сөздөр жүрүп жатат. Башкача айтканда саясий кырдаал эми гана татаалдашып келе жатат. Ошондуктан алар таптакыр башкача жүрүш жасашы мүмкүн. Менин оюмча, Болот Отунбаев бул орунга көбүрөөк татыктуу, анткени аны дайындоо Ош жана Бишкек мэрлерин шайлоодон кийинки чыңалууну жоймок.

Саясатчынын болжолунда, Иманкадыр Рысалиевге караганда Айгүл Рыскулованын да Аппарат башчылыкка мүмкүнчүлүгү жогорураак.

- Рыскулова бул орунга ат салышса болмок, анткени ал тажрыйбалуу аппаратчы, - деп улантат Сариев. - Анын үстүнө ал түндүктөн, азыркы учурда маанилүү фактор болуп калмак. Бирок ошентсе да, менин оюмча Болот Отунбаев эле ылайыктуудай.

Саясат таануучу Зайнидин Курманов бул туурасында кесиптеши менен макул болот, ал айткан чиновниктер бош орунга барууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок үчөөнүн тең мүмкүнчүлүктөрү бирдей экендигин айтат. Талдоочунун байкашынча баары Аппарат башчынын алдында кандай иштерди аткаруу тургандыгынан көз каранды болот.

- Бардык талапкерлер тең күчтүү, баарынын тең күчтүү жана алсыз жактары бар, - дейт ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Иманкадыр Рысалиев саясий процесстерди уюштурууда чоң тажрыйбасы бар, бул аппаратка керектүү нерсе. Ал эми Айгүл рыскулова болсо, өзүн жакшы менеджер катары көрсөтө алды. Болот Отунбаев болсо чоң чөйрөдө белгилүү адам. Ошондуктан баары саясатта кайсынысы артыкчылыкка ээ болгондугунан көз каранды болот.

Эгерде экономикага басым жасай турган болсок, анда Иманкадыр Рысалиев артыкчылыкка ээ болмок. Ал эми гендердик теңчиликти, жана башкаларды эске алса анда айгүл Рыскулова туура келет. Тышкы саясатта акцент кылуу зарылчылыгы болсо, анда Болот Отунбаев көбүрөөк туура келет.

Эске сала кетели, мурда мамлекеттик башкаруу боюнча талдоочу Алишер Мамасалиев Vesti.kg сайтына президенттин жаңы аппарат жетекчисин дайындоо создугуп жаткандыгын айткан болчу. Президенттин саясатын ишке ашырууда анын аппарат жетекчисинин мааниси чоң.

- Боло турган аппарат жетекчиден көп нерсе көз каранды. Ал артыкчылыктарды баалай билиши керек жана эң негизгиси саясий оппоненттер менен карым катнашты жөнгө салуусу керек. Өкмөттүк эмес секторлор жана медиа коомчулук менен да мамилени жайгаруу керек, - деди ал.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх