Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо күнү азырынча белгилене элек

Депутаттар сессияга сентябрь айында чогулууну көздөп жатышат

Бишкек шаар кеңешинин төрагасы качан шайланаары азырынча белгисиз. Бул туурасында  Vesti.kg сайтына БШКнин маалымат кызматы билдирди.

- Төрага кызматынын ордуна коалициялык көпчүлүк талапкер чыгарышы мүмкүн, же ар бир фракция бирден чыгарат, - деп билдирди шаар кеңешиндегилер. - Чамасы бул маселе тууралуу азыр кеңешме жүрүп жатат окшойт. Сессиянын күнү качан болоору али белгисиз, бирок сентябрга деп көздөп жатышат. Балким кезексиз тартипте чогулуп жиберишеби…

Эске салсак, өткөн жумада БШК төрагасы Алмаз Кененбаевди президенттин аппаратынын башчысынын биринчи орун басары кылып дайындашты.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх