Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШКнин төрагалыгына ат салышчуларды азыр тандаша элек

Талапкерлер менен жуманын аягында тааныштырышат

Бишкек шаардык кеңешинин төраганы шайлоо боюнча кешмеси башталды, бирок талапкерлер азырынча жок. Бул туурасында Vesti.kg сайтына коалициялык көпчүлүктүн лидери Таалайбек Сагынов билдирди.

- Бул орунга талапкерди азырынча талкуулай элекпиз, бирок депутаттар бул тууралуу ойлорун билгизишти, - деп белгиледи ал. - Биринчи кезекте, боло турган төрага өзүнүн программасы менен тааныштырышы керек, ошондой эле ал бүт жан дүйнөсү жана жүрөгү менен шаар деген адам болушу керек.

Таалайбек Жолдошевич жакынкы эки күндө фракция ичинде кеңешме өткөрүп, жуманын акырына чейин талапкерлерди аныктайбыз деп кошумчалады.

- Ат салышчу кишилер дайын болсо эле, сессия болчу күндү аныктай салабыз. Мыйзамда төраганы шайлоо мөөнөтү так жазылган эмес, бирок биз кыска мөөнөттө мунун баарын бүтүрүш керек экендигин түшүнөбүз, - деп аяктады ал.

Эске сала кетсек, өткөн жумада БШКнин төрагасы Алмаз Кененбаевди президенттин аппаратынын башчысынын биринчи орун басары кылып дайындашкан.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх