Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токон Мамытов: Мен документтеримди тапшырган жокмун жана акыйкатчылыкка талапкерлигимди койбойм

КСДПнын катчылыгы болсо башкача айтат

Мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытовдун омбудсмен болоюн деген ою жок. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына өзү дагы бир жолу билдирди.

Токон Болотбековичтин сөзү боюнча, ал документтерин бир да фракцияга берген жок, ошондуктан ММКлар болбогон эле сөздү жазып жатышат деди.

- Мага эч ким эч нерсе деп айткан жок, бул тууралуу силерден биринчи жолу угуп жатам, - деди Мамытов. - Мен бир да фракцияда болуп, жыйынына катышкан жокмун, чакырышкан да жок. КСДП мени документтерин алып келди деп айтса, анда эмнеге мени чакырган жок.


 Экс-вице-премьер бош орунга чакырышса, иштеп берээрин дагы бир ирет кайталады.  

- Эгерде ишеним көрсөтүшсө - барам, болбосо - жок, - деп аяктады ал.
Анткени менен ММКларда КСДП фракциясынын катчылыгы Токон Мамытов документтерин тапшырды жана бул орун үчүн күрөшүүгө даяр деп билдирип чыгышты.

Журналисттердин маалыматы боюнча, Жогорку Кеңештеги президенттин өкүлү Молдакун Абдылдаевдин, экс-омбудсмен Турсунбек Акундун, акыйкатчынын аппаратынын кызматкери Урматбек Аралбаевдин, юрист Рита Карасартованын, эксперт Гульназ Эргешованын жана адам укугун коргоо институтунун кызматкери Альберт Колоповдун арыздары келип түштү.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх