Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаевге карата маалымат топтоп жатат

Чекисттер БШКнын мүчөсүн маекке чакырышып, министрдин коррупциялык схемага болжолдуу катышы бардыгы тууралуу сурашты

УКМК тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге жана анын айланасындагыларга текшерүү жүргүзөт. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына юридика илимдеринин доктору жана БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев айтып берди.

- Мени Эрлан Абдылдаев тууралуу угулган фактылар тууралуу аныктоо иретинде улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетине чакырышты, - дейт ал. - Ал боюнча текшерүү болот. Албетте, УКМК анын иштерине байкоо салып турган, бирок азыр өтө катуу кңзңмңл кылып жатат. Мен мыйзамды сыйлаган жаран катары аки-чүкүсүнө чейин силерге айтып бере албайм, анткени жарыя кылбоо үчүн тигил жакта кол коюп чыкканмын.

Эске сала кетели, мурда Кайрат Осмоналиев  Vesti.kg сайтына Башпрокуратура Эрлан Абдылдаевге карата 2006-жылы эле «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгогондугун жана ал кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргендигин айткан эле. Бул болсо анын Кытайдагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген жылдарга туура келет. Тергөө 2005-жылы чиновниктин 200 миң долларды элчиликтин эсебинен «Мээрим» фондунун эсебине которгондугун аныктаган. Ал фондду Майрам Акаева жетектеген. Бирок бул иш премьер-министр Танаевдин кайда экендиги белгисиз болгондугуна байланыштуу токтотулган эле. Анткени акчаны которууга ошол киши көрсөтмө берген деген эле Абдылдаев.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх