Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубанычбек Кулматов 28-октябрга чейин камакта калат

Жактоочунун сөзүнө караганда, соттук жамаат конституциялык нормаларды бузуп, Бишкектин экс-мэрин Жогорку сотто маселесин каратуу укугунан ажыратышкан

Кубанычбек Кулматовдун камакта калуусун дагы бир айга узартышты. Ошентип, Бишкектин мурдагы мэри, Бажы кызматынын мурунку төрагасы 28-октябрга чейин камакта калат. Мындай чечимди Жогорку сот чыгарды деп Vesti.kg сайтына соттолуучунун жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

- Ошону менен бирге Жогорку сот прокурордун өтүнүчү боюнча биздин арызыбызды өндүрүштөн кыскартып салды, - деп белгиледи ал. - Ошонусу менен соттор Кулматовдун Жогорку соттун 28-октябрга чейин камакта калуу тууралуу чечимине арыздануу укугунан ажыратып коюшту. Сот соттолуучунун укугун тебеледи, ал Конституциянын кылмыш жаза кодексинде жазылган укук болчу. Ал эми Бажы кызматынын мурунку башчысы болсо башка акт менен 28- октябрга чейин камакта калды.

- Бул актыларга процедуралык тартипте Жогорку сотто, шаардык сотто арызданса болмок, - деп түшүндүрдү Слесарев. - Ал эми биздин иште болсо Жогорку сот бул маселени кароодон качып жатат. Бирок бул КЖК түздөн түз бузуу болсо да, мен бул нерсени казус деп атаар элем. Юрист Кулматовдун камалышына 28-октябрга чейин арызданууга ниеттенип жатат.

Эске сала кетсек, Vesti.kg сайтына Кулматовду 28-октябрга чейин камакта калтырышты жана арыздануу өтүнүчүн четке какты деп билдиришкен эле.

Кубанычбека Кулматова жараксыз паспортту колдонгондугу үчүн ( 346-берене "Чегараны мыйзамсыз кесип өтүү" жана  350 берене "жасалма документ жасоо") жана 2 млрд. гранттык каражатты максатсыз пайдалангандыгы үчүн ( 303 берене 1 б. "Коррупция") айыпталган.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх