Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Соттордун басымына каршы чыгам деп, Иса Өмүркуловду кайсы кара теке сүздү»

КСДП фракциясынын лидери арыздардын санынын көбөйүшү - бул сот системасынын адилетсиздиги жана бийликтин өзүм билемдиги деп билдирди

Соттор жогору жакты укпай коюудан коркушат, анткени өздөрүнүн да иштеринде көптөгөн катачылыктары бар. Мындай пикирин  Vesti.kg сайтына белгилүү жактоочу Икрамидин Айткулов бөлүштү.

- Соттор жогору жактын көрсөтмөсүн аткарышат, укпай коёюн десе, каалаган күнү текшерүү келип былыгын чукуп чыгат, - деп түшүндүрөт ал. - Тартип коллегиясы сотторду жазалоочу жападан жалгыз орган. Бирок ал иштебейт. Ал жерде да мурда туура эмес өкүм чыгарып жүргөндөр отурушат. Сот бийлигинде мыйзамсыздык өкүм сүрүүдө. Ошондуктан кандайдыр бир соттук реформалар тууралуу сүйлөөгө мүмкүн эмес. Сот жана укук коргоо органдарын тамырынан бери тазалабаса болбойт.

Түшүндүрө кетели, кечээ Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин жыйынында Иса Өмүркулов соттук иштердин көбөйүшү сот системасындагы адилетсиздиктен жана бийликтин өзүм билемдигинен чыгып жатат деп билдирди.
«Тилекке каршы, сотторго буйрук жогортон келет, аны аткарбай коюудан коркушат», - деп белгиледи эл өкүлү.  

Өз кезегинде Өмүркуловдун билдирүүсү Конституциялык палатанын сотун таң калтырды.

- Сотторго басым жасалаары капкачантан бери белгилүү, - деди ал  Vesti.kg сайтына . - Бул нерсе КСДПнын сүйүктүү тактикасы эле го, бул ыкма менен алар мамлекетти башкарып келишти. Чынын айтсам бул сөздү трибунадан айтып Иса Өмүркулов мени аябай таң калтырып жатат. Алар бир нерсени кыйкырып айтып коё беришет, жыйынтыгында өздөрүнүн жасаган иштери ага каршы келип калат. Эгерде ал буга каршы чыгып жаткан болсо, демек аны кара теке сүзүптүр.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх