Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Лунара Мамытова жаман кызматкер эмес». Депутаттар чиновник аялды жакташты

Депутаттар социалдык тармактагы жазган посту үчүн министрдин орун басарын кызматтан бошотууга болбойт деп эсептешет. «Кетсин» деген жаман адатты ташташыбыз керек деген пикирлер да бар

Саякаттоо тууралуу оюн айткандыгы үчүн Лунара Мамытованы кызматтан алып салганга болбойт, ал ансыз деле коомчулуктун төө бастысында калды. мындай деген оюн  Vesti.kg сайтына депутат Ирина Карамушкина билдирди.

- Биздин пенсионерлер аз пенсия алып жаткан чакта минтип сөз сүйлөөгө болбойт,- дейт эл өкүлү. - Азыр СССР маалында иштеген пенсионерлердин саны арбын. Алардын иши абдан оор болгон: колхоз, совхоздордо, заводдордо иштешкен. Аларды жатып ичерлер деген статьялар да чыгып кетти. Алар чыныгы эмгекчилер болгон. Алардын пенсиялары болсо минимум, өлбөстүн күнүн көрүп жашашат. Анан кайсы саякат тууралуу сөз болушу мүмкүн? Алар чет мамлекет турмак Кыргызстандын ичинде да саякаттай алышгпайт. Мен бир жолу Таласта эл менен жоолугушуп жатып бир эненин айтканы эсимде, ал өмүр бою Арстанбапты көрөм деп жүрүп көрбөй кетип жатам деген эле.

Ирина Юрьевна Кыргызстандагы кээ бир пенсионерлер тууралуу да айта кетти, албетте аларга балдары жардам берет саякат кылганга.

- Бирок балдары алкоголик болуп кеткен ата энелер да көп, - деп мисал келтирет ал. - Картайганда жардамсыз калышат. Албетте аларгы Лунаранын сөзү катуу тийет. Менин оюмча анын элге чыгып сүйлөөгө тажрыйбасынын жоктугу бул. Ушунусу үчүн коомчулук аны төө бастыга алды. Менин оюмча, ал өзүнүн катачылыгын түшүндү окшойт. Лунара Мамытова жаман кызматкер эмес, аны иштен кетирүүгө негиздүү далилдер керек. Кийин ал өкмөттү Райым Матраимовго окшоп сотко бериши мүмкүн.
Өз кезегинде анын кесиптеши Аида Исмаилова да аны кетирбейличи кызматтан деп айтат.

- Лунара Мамытова менимче башка нерсени айтайын десе керек, тексттен үзүп алып эле аны жаман атты кылып жатышат, - дейт ал  Vesti.kg сайтына. Албетте, пенсионер пенсиясын топтоп чет өлкөгө саякатка бара албайт. Бирок балдары жардам берген ата эенелер да бар. Андай учурда ата энелерибиз саякатташат. Бирок биздин төлөө системабыз боюнча пенсионерлер биздин эң аялуу катмарыбыз болуп калат. Көптөрү нанга акча таба албай жатышат чынын айтканда. Таң калыштуусу ушул тармакты тейлеген вице-премьердин үндөбөй отургандыгы болуп жатат. Бардык иштерди министрлер аткарат, жоопкерчилиги да ошолордун мойнунда, анда вицелердин эмне кереги бар.

Ал ортодо Исхак Масалиев Лунара Мамытова болгону бир аз адашып сүйлөп алды дейт.

- Чамасы, биз каражаттын эсебинен жашабайбыз деп айтйын деген болсо керек, - деп боолголойт ал  Vesti.kg сайтына берген маегинде. Көптөрү чоң үй курушат, үйлөнүү тойлорго көп акча коротушат, ошол эле учурда көптөгөн кыргызстандыктар өтө жакыр жашашат. Менин оюмча ал кадимки эле кыз, анын үстүнө журналист да болуп иштеген. Кызматтан алыш үчүн анын жасаган иши же кызматка болгон мамилеси себеп болот, ал эми сүйлөп койгон сөзү үчүн иштен албайт.

Эл өкүлү Дастан Бекешев  Vesti.kg сайтына кберген комментарийинде бул маселеде аны кызматтан бошотууга негиз жок деп эсептейт.

- Ал жаш жана чындап эле катачылык кетирди. Бирок коомчулук аны түшүнүп койсо болот, бул ага менимче сабак болду, - дейт Дастан Далабаевич.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх