Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бажы кызматынын башчысы болуп Алмаз Оңолбеков дайындалды

Мекеменин билдиришинче бул постту Кубанычбек Кулматов өзү таштап кеткен

Өкмөт Кубанычбек Кулматовдун Мамлекеттик бажы кызматынан кеткендигин официалдуу тактады.

"Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул буйрукка кол койгон" , - деп билдирет өкмөттүн аппараты  Vesti.kg сайтына. Мурунку төрага бул кызматты өз каалоосу менен таштап кеткен. Ошол эле булактар анын ордун Алмаз Оңолбеков ээлерин да айтышты. Жаңы башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен дайындалды.

11-майда Бажы кызматынын башчысын УКМКга кытай грантынын эсебинен "Калыс-Ордого"  курулуп жаткан мектепке байланыштуу суракка чакырылган болчу. Кеп грантка бөлүнгөн 2 миллион доллардын кайда иштетилгени тууралуу болуп жатат. Ал учурда Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарынын мэри кызматын аркалап турган.
Башпрокуратура тийешелүү кишилерге кылмыш ишин козгогон.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх