Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ ИИКда мындан ары бир да «штаттан тышкаркы адам» жок. Алардын үстүнөн көп арыздар түшкөн

Штаттан тышкаркы адамдар деген кимдер? Алардын милдеттери жана укуктары кандай? Алар кимдер? Ички иштер Министрлигинин түшүндүрмөсү...

ИИМдин ички ликтөө кызматында жаңы абалга байланыштуу эми штаттан тышкаркы адамдар жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сеитов билдирди.

- Жеке коопсуздук Кызматында, азыркы ИИМ ИИК, бүгүнкү күндө бир да штаттан тышкаркы адам жок, - деп белгиледи Сеитов. - Бул алардын ишиндеги көптөгөн мыйзам бузууларга байланыштуу.

Ал Министрликтин башка башкармалыктарында мындай кызмат дагы эле бардыгын түшүндүрө кетти.

- 2018-жылы жайында штаттан тышкаркы кызматкерлерди жөнгө салу иши абалы өзгөртүлгөн, - деп түшүндүрдү Бакыт Абдылашимович. - ИИМдин кадрларды башкаруу Башкармасынын маалыматына ылайык тагылган милдетти аткаруу үчүн жана кылмыштуулук мене күрөшүү үчүн штаттан тышкаркыларды даярдалган, ак ниет жана активдүү жарандардан алуу каралган.

Ошону менен бирге мекеменин маалымат катчысы ИИМдин штаттан тышкаркы кызматкери болуп кимдер иштей алаарын да айта кетти.

- Штаттан тышкаркы кызматкер болуп, өз каалоосу менен, такай катталган жери бар, 21 жаштан жаш эмес жарандар иштей алат, - деп айтылат маалымат катчынын билдирүүсүндө. - Жумушунда жакшы мүнөздөөлүү, даярдыгы, моралдык жана ишкер сапаттары талапка жооп бериши керек. Штаттан тышкаркы кызматкер ички иштер органына иш чараларды өткөрүүдө жана коомдук тартипти сактоодо ошондой эле тартип бузуулардын алдын ала эскертип туурууда жардам берет.

Штаттан тышкаркы кызматкер сөзсүз ИИБ кызматкеринин жетекчилиги астында иштейт. Анын жеке жоопкерчилигине бекитилип берилген кызматкер жооптуу.
Vesti.kg сайтынын редакциясына штаттан тышкаркы кызматкерлердин милдеттеринин тизмеси берилди:

- Коомдук тартипти сактоо иш чараларында активдүү катышуу, Коомдун коопсуздугу жана кылмыштуулук менен күрөшүү;
- Кызматкерлер тарабынан белгиленген мөөнөттө тапшырманы так аткаруу;
- Кылмыш ишинин алдын алуу жана болтурбоо максатында токтоосуз  түрдө ал фактылар тууралуу билдирүү;
- Өз ишин аткарууда Кырыз Республикасынын мыйзамдарын так аткаруу. жарандар менен сылык мамиле кылуу.
Штаттан тышкаркы кызматкердин укуктары:

- Жарандардан тартипти сактоону талап кылуу жана мыйзамсыз иштерди жасоону токтотууну талап кылуу.
- Мыйзам бузуучулардын буюмдарын текшерүүдө жардам көрсөтүү жана алардын буюмун, транспортун текшерүү учурунда катышып туруу.
 
Штаттан тышкаркы жардамчы:

- Күбөлөрдү жана жабырлануучуларды табууда жардам берет жана дайынсыз жоголгондорду табууга көмөктөшөт;
- Мамлекеттик жана жеке мүлктүн бүтүндүгүн текшерүүгө рейд болгон учурда катышат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх