Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ишкерден ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылган жарандар кармалды

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери ишкерден ири суммадагы акча каражатын талап кылган шектүүлөрдү кармашты. Тергөө иштерин ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын сентябрь айында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине Чүй облусунун тургунун коркутуп, 45 миң доллар өлчөмүндөгү акча талап кылып жаткан жарандар тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө бул факты тастыкталган. Белгилүү болгондой, опузалап акча талап кылгандар колунда бар адамдарды аныктап, ири суммадагы акчаны ай сайын берип турууну талап кылып, андан сырткары кылмыш чөйрөсүнө көңүл бурбаганын айтышып, коркутуп келишкен.

Топтолгон материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «Опузалап талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголгон. Аталган кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Бир аз күн мурда Кара-Балта шаарынын аймагынан жогоруда көрсөтүлгөн акчанын бир бөлүгүн-165 миң сомду опузалап алган жеринен кылмыштуу топ кармалды.

Кармалган жарандар төмөнкүлөр:

-Чүй облусунун Панфилов районунун тургуну 1993-жылы туулган Д.А..
- Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочусу 1985-жылы туулган Ж.М..
-Чүй облусунун тургуну, Россия Федерациясынын жараны 1986-жылы туулган Т.Б..
- Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочусу 1994-жылы туулган О.М..
- Чүй облусунун Панфилов районунун тургуну 1988-жылы туулган У.К..

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы
Фото ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх