Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДПнын депутаты Икрамжан Илмиянов тууралуу: «Жөндөн жөн иш козголбойт»

Парламенттик «социал-демократтар» партиялашына издөө салынгандыгы тууралуу кандай ойдо?

Жөндөн жөн кылмыш ишин козгобойт. Парламенттик КСДП фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев  Vesti.kg сайтына Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго карата салынган издөө тууралуу айтып берди.

- Эгерде кылмыш ишин козгошсо, демек кылмыштын курамы бар, - дейт ал. - Бирок мен аны эмне тууралуу күнөөлөп жатышкандарын билбейм. Чамасы бул тууралуу биз фракция жыйынында талкууласак керек.

Өз кезегинде анын кесиптеши Анвар Артыков партиялашынын изделип жатышын журналисттерден гана уккандыгын айтты.

- Мен ага кылмыш иши козголгондугун уккан да эмесмин, - деди ал  Vesti.kg сайтына. - Биздин фракциянын бул ишке тийешеси болбогондугуна ишенем.

Дагы бир «социал-демократ» Чыныбай Турсунбеков Илмиянов тууралуу сүйлөөдөн баш тартты.  

Эске салсак, Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов сыртынан камакка алынган. Чечимди биринчи май райондук соту чыгарган.

Илмияновго кайсы иши тууралуу кылмыш иши козголуп жаткандыгын айтышпайт, анткени иш «жашыруун» деген грифтин алдында болуп жатат. Анын кайда жүргөнү белгисиз. Мурда КСДПнын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева аны апасын даарылатканы Москвага кетти деп  Vesti.kg сайтына билдирген эле.

Президенттин мурдагы кеңешчисине кандайдыр бир ишкерден коррупция фактысы боюнча арыз түшкөн.

Кеп Илмияновдун 150 миң доллар пара алгандыгы тууралуу болуп жатат. Бирок УКМК ошол убакта кылмыш ишин козгогон жокпуз деген болчу.

Вероника Малышева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх