Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДПнын Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу чечими фракция ичинде карама каршылыктарды жаратты

«Социал-демократтардын» баары эле саясий кеңештин чечимине макул эмес, кээ бир мүчөлөр жыйынга чакырылбай да калган

КСДП партиясынын саясий кеңешинин Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу чечимин мыйзамдуу дегенге болбойт. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына парламенттик фракциянын мүчөсү, депутат Искендер Матраимов билдирди.

- Мен да саясий кеңештин мүчөсүмүн, бирок жыйын болоорун билген да жокмун, - деди ал. - Саясий кеңеште 35 адам болуптур. Бирок алардын арасынан ким чечим кабыл алгандыгы белгисиз. Эмне Иса Өмүркулов өзүн өзү чыгарып салдыбы? Ал өзүнүн фракциянын лидерлиги кызматын жакшы эле аткарып жаткан. Мындай кылуу жарабайт. Партиянын ичинде ар кандай сөздөр болуп жатат. Бирок талаштан тактык жаралат. Өз менен өзгөнү ажыратып алуу керек.

Искендер Исмаилович мындай принцип менен партиядан кимди болбосун чыгарып салууга болот.
- Адегенде Кожобек Рыспаев, анан эми Өмүркулов, анын артынан дагы бирөөнү чыгарышат, - деп нааразы болот КСДП фракциясынын депутаты. - Андан да канчалык деңгээлде бул чечимдин мыйзамдуу экендигин да карап көрүү керек. Мен толугу менен Иса Шейшенкуловичти колдойм жана аны фракция лидерлигинен алууга каршымын.

Өз кезегинде Өмүркуловдун дагы бир партиялашы Анвар Артыков бул кырдаалга салкын кандуулук менен карады.

- Менин Иса Өмүркулов тууралу пикиримдин эч кимге кереги жок, чечим кабыл алынып калды, деди ал Vesti.kg сайтына.

Эске салсак, кечээ КСДПнын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгарды. Андан сырткары аны фракция лидерлигинен чакыртып алуу сунушталды.
Өмүркуловду партиядан чыгаруунун негизги себеби «Партиянын уставдарына жана тапшырмасына каршы иш кылуу» болуп эсептелди.

Мурдараак Сагындык Абдрахманов Иса Өмүркуловдун «КСДП Атамбаевсиз» деген кыймылды колдоорун билдиргенболчу. Иса Өмүркулов болсо бул маалыматты тактаган да, жокко чыгарган да жок.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх