Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagram

Өкмөт жол коопсуздугу приоритетинен артка чегинүүгө даярбы?

  • 194 жолу кароо

Кечээ эле «фронттун сводкаларындай» деп аташкан көйгөйдү бүгүн өкмөт менен депутаттар унуткандай…

Кечээ эле Кыргызстанда автоунаалардын дөңгөлөгү астында жылына миң киши мерт болуп, бул сумма согуш маалындагы жоготуулар менен барабар экенин, бул көрсөткүч боюнча кошуналарыбыз биздин чаңыбызда калаары туурасында ким гана айтып чыккан жок эле. Дал ушул үчүн «Коопсуз шаардын» ишке берилишин ушунча күтпөдүк беле? Ал эми ал иштеп баштагандан кийин жолдордогу кырсыктардын кескин азайганын айгайлап, ишеничтүү отчетторду берип жатпадык беле?

Бардыгын унутууга болгону эки-үч ай жетти көрүнөт. Мына эми мурда «Жол кырсыгын азайтууга бийлик эч нерсе кылбайт» деп кыжырданган жоон тооп азыр жол тартибин бузуунун жогору айыптарына нааразы болуп отурат. «Жөнөкөй» бузуулар үчүн миң сомдон 5.5 миң, ал эми одоно - мисалы, мас абалында автоунаа айдоо үчүн 17.5 миң сомго чейинки айыппулду автосүйүүчүлөр ого эле көп дешүүдө. Активисттер ал тургай айыппулдарды митингдер аркылуу төмөндөтүүнү да чечип жиберишкен.

Колдоону да алар алыстан эмес, Жогорку Кеңештин дал өзүнөн таба алышты. Тазабек Икрамов («Өнугүү-Прогресс») жана Кожобек Рыспаев (КСДП) жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айыппулдарды төмөндөтүүнү сунушташты.

«Коопсуз шаарды» ишке бергенде бардыгы кол чаап, баары сонун дешкен, - дейт Рыспаев. - Мен болсо ошондо айыппулдарды азайтыш керек дегем. Почтага келген айыппулдарды жол эрежесин бузгандардын болгону 20 пайызы төлөп жатат, бул келечекте жакшыга алып барбайт. Биз айыппулдарды өтө эле жогору кылып койдук. Эл аларды төлөй албайт, ошон үчүн өлкөдөгү социалдык абалды эске алып аларды азайтуу маселесин караштыруу керек. Болбосо, биз элди туңгуюкка алып келебиз».

Белгилей кетсек, КРнын ИИМнин ЖКККББНын маалыматы боюнча, долбоор иштеп баштагандан бери айыппулдардын 20 пайызы эмес, 44.5 пайызы (Жол эрежелерин бузуу жөнүндө 108 миң 137 миң токтомдун ичинен 70 млн сомдук 48 миң 168 айып пул) азыркы күнгө чейин төлөнгөн.

Төлөгүң келбейби - анда бузба... Болгону ушул.


Бул ой өзүлөрү буга чейин жол сводкаларынын каарманы болуп келген эл өкүлдөрүнө келбейт көрүнөт. Мисалы, Кожобек Рыспаев 2016-жылы мыйзамсыз тонировка үчүн айыппулга жыгылган. Ал эми Тазабек Икрамовдун айдоочусу 2018 жылы журналист жана ЖКККББнын кызматкерлеринин катышуусунда кадимкидей мушташ уюштурганы белгилүү. Жыйынтыкта Lexus LX570 айып унаа туругуна жөнөтүлүп, ал эми айдоочуга 2.5 миң сом өлчөмүндөгү айыппул жазылган.

Бирок, бул көйгөйдүн бир эле чети. Эмнеге өкмөт жеке кызыкчылыктарын гана коргогон бир ууч кишинин арабасын тартып жатат?
Бир нече күн мурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыппулдардын өлчөмүн оңдоп-түзөө боюнча жумушчу топту түзүүнү тапшырган. Албетте, сөз азайтууда болуп жатат...

Азыр ар кандай түрдөгү бузуулар үчүн миң сомдон 5.5 миң сомго чейинки жоопкерчилик каралган. Мас абалында унаа башкаруу, ылдамдыкты 60 км/с ашыруу сыяктуу одоно коомдук-коркунучтуу бузуулар үчүн гана мындан катуу чаралар каралган.

Анын үстүнө, эгерде айыппулду аны алган күндөн тарта 15 күндүн ичинде төлөсөң анын өлчөмү эки эсеге азаят. Айдоочулук күбөлүктөр 2019-жылдын январынан тарта такыр эле албай калынды.
Ошого карабай:

«Коомдун пикирин, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгесин эске алуу менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу топко азыркы айыппулдардын өлчөмүнүн негиздүүлүгүн жана натыйжалуулугун карап чыгууга буюрду, - дешти өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматында - Өкмөт башчы бул маселени кароодо биринчи орунга жарандардын пикирин коюу керектигин белгиледи».

Ал эми ашынган автосүйүүчүлөрдүн аракеттеринен жабыркагандардын пикирин бирөө сурадыбы? Бул тууралуу депутат Дастан Бекешов (КСДП) өз твиттер аккаунтунда жазган:

«Жол эрежелерин бузгандар үчүн айыппулдар төмөндөбөш керек, - дейт ал. - Бул жол кырсыктарын көбөйтөт. Ооба, мен депутат катары коомчулуктун пикирин коргошум керек, бирок, коомчулуктун башка дагы бөлүгү бар да - жол кырсыктарынын айынан майып болуп, жакындарынан ажырагандар.
<…> Активисттер пресс-конференцияларды өткөрүп, айыппулдар азайбаса митинг кылабыз деп коркутушту… Жок дегиле, силер, кылмышты кылмышкерлер жасайт».

Эл өкүлүнүн пикиринде мындай темп менен өлтүрүү үчүн камалгандардын туугандары өлтүрүүгө каралган чараларды жумшарткыла деп башташы мүмкүн.

Көз карандысыз эксперт, экономист Азамат Акенеев Кыргызстанда маанилүү чечимдерди кабыл алчу жактар демократия менен охлократиянын ортосундагы чекти такыр эле сезе алышпай, «митингчилердин» айтканын кылганга милдеттүү эмес экенин түшүнбөй коюшту. Өзгөчө, эгерде алардын сурагандары орунсуз болсо.

«Эң жаманы, бизде бийлик коомчулуктун оюу үчүн мыйзам бузууга да даяр, - деп жазган Бекешов. Мына бул чын эле кызыл сызык. Бул жерде сөз лидерлик же саясий эрк жөнүндө эмес, мамлекеттүүлүк институтун бузуу жөнүндө болуп жатат.


Саясат таануучу Кубат Султанбеков Vesti.kg менен болгон маегинде мас абалында же күбөлүк жок унаа башкаруу үчүн айыппулдарды азайтуу туура эмес экенин белгиледи.

Бирок, бул жерде кайдагы саясий эрк жөнүндө сөз болушу мүмкүн? Баягы эле депутаттардын көпчүлүгүнүн кесипкөйлүгү жөнүндөгү көнүмүш теманы дагы бир ирет көтөрүп чыкса болчудай (болбосо, алардын бүгүн мыйзам кабылып, эртең кайра өздөрү ага өзгөртүү киргизүүнү сунушташканын башкача кантип түшүндүрсө болот?).

Жана эң башкысы…

«Коопсуз шаарды» ишке ашырууга аракеттер 12 жыл бою көрүлүп келген эле. Мына эми ал иштеп баштаган болгону бир нече айда алгылыктуу жыйынтыктарды көрүүдөбүз: ошол эле премьердин өзүнүн сөздөрүнө ишенсек, Бишкекте жол кырсыктары 3.4, Чүй облусунда 3.8 пайызга азайып, курман болгондордун саны Бишкекте 68.8 пайызга кыскарса, Чуй облусунда бул көрсөткүч 37.1 пайызга кыскарган.

«Төмөндөө бардык негизги көрсөткүчтөр боюнча байкалууда: жол кырсыктарында курман болгондор дээрлик эки эсеге, жол эрежесин бузуулар үчтөн бирге азайды», - деп премьер КРнын ЖКККББнын Көзөмөл борборуна болгон сапарында айтканы бар.

Демек, капчыгыңды катуу кага турган жаза коркунучу иштейт экен да? Мүмкүн, айдоочуларда жол эрежесин бузуу тууралуу кымындай ой да келбеш үчүн коомчулук дал ушундай ири өлчөмдөгү айыппулдарга кызыкдардыр?

Бирок, жок.. Өкмөт тайсалдап, артка чегинип, мунусу менен көзгө көрүнө баштаган жемиштерди жок кылууда. Артык кылалык дешкен негизи…

Ии баса: 2018-жылы Кыргызстанда 5 миң 995 жол кырсыгы катталган. Аларда курман болгон кишилердин саны - 996. Жол кырсыктарынын 86.6 пайызы айдоочунун айынан болгон.

 

Сергей Новиков
Фото www

 

Ой-пикир кошуңуз


Наверх