Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Догоев: Мен өкмөттүн ишине өз салымымды кошо алам деп ишенем

 Президенттин кеңешчисинин айтымында жаңы кызмат ордуна барууга ага Абылгазиев сунуштаган

Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев өкмөттүн ишине өз салымын кошо алаарына ишенет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди.

- Премьер-министр мага Байланыш мамлекеттик комитетин жетектөөмдү сунуштады, мен макулдугумду бердим, - деп белгиледи ал. Эгерде президент жана Жогорку Кеңеш менин талапкерлигимди жактырса, мен өкмөттүн ишине өз салымымды кошо алам деп ишенем.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысы болуп МКМнын мурдагы жетекчиси Дастан Догоев дайындалышы мүмкүн экендигин жазган. Анын талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган.

Ага чейин МТБМКнын башчысы Бакыт Шаршембиев өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулган.

Вероника Малышева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх