Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кең-Суу айылынын 70 жаштагы тургуну: Мен Камчыбек Ташиевдин адамгерчиликтүү сапатын жогору баалайм

 

Бүгүн, 4-сентябрда “Мекенчил” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев өз командасы менен Ысык-Көл районуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылына барды.

Парламенттик шайлоо алдында шайлоочулар менен жолугушуу салтын партия так ушул аймактан баштады.

Кең-Суу айылынын тургуну, айылдык кеңештин депутаты, 70 жаштагы аксакал Розакун Акматов партиянын иш сапары өз айылынан башталганына кубанганын жашырган жок.

“Камчыбек Ташиевдин иштин башын Кең-Суудан баштап жатканы чоң иш. Бул айылдан өлкөгө таанымал, таланттуу инсандар көп чыккан. Мисалы, Зияш Бектенов, Аман Саспаев, Кусейин Карасаев ж.б.лар”, - деди аксакал.

Ал Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдун достук мамилеси бекемдигин жана мындай кылуу бардык эле адамдын колунан келе бербестигине токтолду.

“Мен Камчыбек Кыдыршаевичтин адамгерчилигин жогору баалайм. Садыр Жапаров менен достугун ал ак жерден айыпталып абакка отуруп калганда да үзгөн жок. Достугун бийик коюп, Садырдын партиясын жетектеп шайлоого баратат. Кээ бир достор бар, колуңдан келип турганда жаныңда жүрөт, тагдырдын сыноосуна кабылганыңда изин суутат.

Бул экөө 2010-жылдагы Ош коолаңында чогуу Ошко барышып, элге абдан чоң жардам беришкен. Ош эли бүгүнкү күнү да бүгүнкү күнү да экөөнүн эмгегин жогору баалашат”, - деп белгиледи Розакун Акматов.


"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх