Дүйнөдөгү эң мыкты бал. Венгриялык компания Кыргызстанда бал тууралуу тасма тартты
Венгриялык компания Кыргызстанды дүйнөдөгү эң мыкты балдын мекени катары таанытууда
Венгриялык компания Кыргызстандын балы тууралуу видеотасма тартып, аны дүйнөдөгү эң мыкты бал деп атады. Бул тууралуу Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 14-февралда Будапештте өтүп жаткан Венгер-Кыргыз форумунун алкагында «Fulmer Apairy» аттуу венгриялык компаниянын бал өндүрүү тарыхы тууралуу баяндаган видеоролик тартууланды. Алар тасмада дүйнө жүзүн кыдырып,эң мыкты балдын мекенин издешкен. Соңунда Жалал-Абад областынын Токтогул районуна келишип, ал жерге глэмпинг куруп, дүйнөдөгү эң сапаттуу балды өндүргөн.
Учурда «Fulmer Apairy» компаниясы балды Венгрияда жана бүтүндөй Европа Биримдигинде жайылтуу жана сатуу боюнча жарнамалык кампаниясын баштап, Кыргызстанды дүйнөдөгү эң мыкты бал өндүрүлгөн жер катары таанытууда.
фото www
Окшош макалалар
- Евробиримдиктин башчысы Шарль Мишель Кыргызстанга расмий сапар менен келет
- Кыргызстандын Казакстанга жасаган экспорту 62%га өстү
- "Батуми" кафесин буздурган Нурдан Орунтаев УКМКга суракка чакырылды
- Кыргыз-кытай биргелешкен сериал тартылат. Бюджети 38 миллион доллар
- Данияр Амангелдиев: “Мамлекеттик сапар Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгып жатканын көрсөттү”