Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Футбол союзу: стадиондун курулушуна акча бюджеттен бөлүнөт

Курулушту быйыл баштоо пландалып жатат

Стадиондун курулушуна каражат бюджеттен бөлүнөт, бул мамлекеттик долбоор. Мындай билдирүүнү Кыргыз футбол союзунун (КФС) жетекчиси Медербек Сыдыков жасады.

Анын айтымында, ушу тапта жерди трансформациялоо жана документтерди тууралоо боюнча иштер жыйынтыкталып калды. Буга чейин министрлер кабинети стадион үчүн Чүйдүн Сокулук районундагы Орок айыл аймагынан 20,78 гектар жер бөлүнгөнүн кабарлаган.

"Президент курулушка каражатты бюджеттен бөлөрүн, бул мамлекеттик долбоор экенин айтты. Буга катар инвестор да изделип жатат. Жанни Инфантино менен жолукканда (Садыр Жапаров — ред.) курулуш быйыл башталарын билдирди", — деди Сыдыков.

Долбоор боюнча стадионго 22-25 миң адам сыят. КФС башчысы анын аймагында пайда көрүү үчүн мейманкана, дүкөн, ресторан сыяктуу коммерциялык объектилерди жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрү да караларын белгиледи.

Ал эми президенттин администрациясы курулушту аталган тармакта көп жылдык тажрыйбасы бар европалык компания жүргүзөрүн маалымдаган.

Курулуш болжол менен эки жылга созулары айтылды.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх