Түркияда кытайлык куткаруучу Ислам динин кабыл алды
«Куран» китебин таап алган Цзюнь Кан Ислам динин кабыл алып, атын Юсуф деп өзгөрткөн
Маалыматка караганда, Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга катышып жаткан Кытай куткаруучусу Цзюнь Кан Кытайдын издөө-куткаруу тобун жетектеп, Түркиянын зилзала болгон аймактарынын бири Малатья шаарына барган.
Ал урандылардын арасынан «Куран» китебин таап алып, түркиялык куткаруучуга берген. Бирок түрк жараны китепти Канга белек кылган.
Цзюнь Кан аны белги катары кабыл алып, көп өтпөй Ислам динин кабыл алуу чечимин жарыялаган. Кытай куткаруучусу ыйман күбөлүгүн айткандан кийин атын Юсуф деп өзгөрткөн.
фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Окшош макалалар
- Баткенде "Ислам мамлекети" террордук уюмунун желеги жана китеби табылды (фото)
- Садыр Жапаров Эрдоганды Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды
- Кыргыз-кытай биргелешкен сериал тартылат. Бюджети 38 миллион доллар
- Түрк элине жардам
- Түркиядагы акыркы жер титирөөдө жабыркагандардын саны 562ге жетти