Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аялдар саясаттан тышкары. Сооронбай Жээнбековдун байбичеси Раиса Атамбаеванын туулган күнүндө болду

Депутаттын айтымында, мурунку жана азыркы президенттердин аялдары«бири-бирин түшүнүшүп, жакшы катташат»

Сооронбай Жээнбековдун байбичеси Айгүл Токоева экс-президенттин аялы Раиса Атамбаеванын туулган күнүнө барды. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина фейсбук баракчасына жазып чыкты.

«Аскар Салымбеков баласын үйлөдү, жаңы үйлөнгөндөрдүн тоюнда француз дуети «Оттаван» жана «Ялла» тобунун солисти Фарух Закировдор ырдашкандыгын эл өкүлү өзүнүн постунда жазган.

- ММКнын 25-июндагы жаңылыгы. Кызыгы, 23-июнда ушул эле аткаруучулар Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаеванын туулган күнүндө болушкан.

Алар эмне Кыргызстандын ичиндеги туулган күн, тойлорго бир айга буйрутма алышканбы? Айтмакчы, Сооронбай Жээнбековдун байбичеси аны менен бир үстөлдө чогуу отуруп жана куттуктап жатты. Алар бири-бирин түшүнүшүп, жакшы сүйлөшүшөт экен. Саясат саясаты менен дегилечи: ал көптөрүн уруштуруп, талаштырат. Негизгиси, Сооронбай Шарипович жарандарга элдин ынтымагын бекемдеп жана жүруш-туруш, адеп-ахлактык жактан жеке үлгү болуп берет. Анын изги иштерине партиябыз колдоо гана көрсөтөт!».

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх