Бишкекте катуу шамал болот
Жакынкы эки саат аралыгында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт
Бишкекте жана Чүй областында катуу шамалдын болушу күтүлөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кыргызгидрометборборунун пресс-кызматы билдирди. Шамалдын ылдамдыгы секудасына 15-20 метрге жетет. Бишкектин тургундары бул шамалды жакынкы эки сааттын ичинде көрүшөт.
- Бул кыска мөөнөткө шамалдын күч алуусу болот, өзгөчө кырдаал болушу мүмкүн эмес, - деп сооротту пресс-кызматындагылар.
Ольга Федорчук
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз